Жаңылыктар
Сасык тумоодон кантип сактанабыз?
Ден соолук
Сасык тумоодон кантип сактанабыз?

Кыргызстанда сасык тумоого каршы эмдөө башталды. 

Жыл сайын сасык тумоого каршы эмдөөгө саламаттык сактоо министрлиги коомдун атайын бөлүгүн тандап алат. Аларга 5 жашка чейинки балдар, өнөкөт оорусу бар карылар, кош бойлуулар менен медицина кызматкерлери жана аскер кызматкерлери кирет. Аларга мамлекеттин эсебинен акысыз эмдөө жасалат.
№8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмдөө башталгандан бери кезекке тургандар көп. Негизинен сасык тумоого каршы эмдөө эпидемиялык сезондун башталышына чейин, тагыраагы октябрь-ноябрь айларында жасалат. Кыш мезгилинин кириши менен күч алган сасык тумоонун алдын алуу жолу - эмдөө гана дешет дарыгерлер.

Маалыматка ылайык, сасык тумоо жана гриппке каршы жарандарды акысыз эмдөөдөн өткөрү үчүн 79 миңден ашуун вакцина сатып алынган. Учурда аталган дары каражаттарын аймактарга бөлүштүрүү иштери аяктап калды. Мындан сырткары, ушул эле багытта дагы 70 миң вакцина алып келинет.

Гриппке каршы жасалган эмдөө адамдын организминин ооруларга карата коргонуу күчүн жогорулатуу менен дарттын оор формасынан жана күчөп кетишинен сактайт. Ал эми бир нече жыл катары менен эмделүү анын натыйжалуулугун жогорулатат. Бирок эмдөөнү алганы менен жарандар анын таасирин ар кандай кабыл алышат.

Ал эми сасык тумоону үй шартында алдын алуу катары малина кыямы, бал кошулган жылуу чайды тез-тезден ичип туруу да сунушталып жүрөт. Мындан сырткары, мандарин, апельсин өңдүү цитрус жемиштерин жеп туруу да сасык тумоону алдын алат деп кеңеш беришет.