Жаңылыктар
40 жыл аралыгында биринчи жолу магистралдык газ түтүктөрү тартылды
Экономика
40 жыл аралыгында биринчи жолу магистралдык газ түтүктөрү тартылды

“Газпром” 2016-жылдын 2-кварталынан тарта   1000 кубометр жаратылыш  газынын    баасын 165 АКШ долларынан 150 долларга төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу   Президенттин   «Газпром» компаниясынын жетекчиси  менен  телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында белгилүү болду.  Ал  арада  апрель  айынан тарта газдын баасы 73 тыйынга арзандады.   Ал доллардын курсунун  төмөндөгөндүгүнө байланыштуу  болууда. 

1-апрелде  Президент Алмазбек Атамбаев «Газпром» компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер менен телефон аркылуу сүйлөштү.  Анын жыйынтыгында,   2016-жылдын 2-кварталынан тарта 1000 кубометр жаратылыш  газынын сатып алуу баасын 165 АКШ долларынан 150 долларга төмөндөтүү чечими  кабыл алынды.  Ошондой эле Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан эки тараптуу долбоорлорго  байланыштуу маселелер талкууланды.  Ошентип, Кыргызстан  көгүлтүр отту экинчи кварталдан  тарта  15 долларга  арзан ала баштайт.  Отун-энергетика комплекси боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы Миргул Айдарованын билдирүүсүндө,  азырынча бул боюнча документтер келе элек. “Газпром-Кыргызстандан”  келишимге кол  коюлгандан кийин  тариф  кайрадан каралат.

Жарытылыш газынын  баасы  экинчи  жарым  жылдыктан  кийин күчүнө кирет. Ал эми биринчи жарым жылдыкта, тактап айтканда,  ушул жаңырган апрель айында  кардарлар көгүлтүр отту төмөдөтулгөн баада, 73 тыйынга  арзан   сатып  ала  баштайт.

Газга баанын төмөндөшү доллардын курсуна байланыштуу.  Көгүлтүр отко тариф   ар бир айдын башында Улуттук банк бекиткен курска ылайык бекитилет. 1-апрелге карата доллардын курсу 69,99 сом болуп бекиген. Ал арада “Газпром”  буга чейинки макулдашууларда белгиленген,  Бишкектин жаңы конуштарын газификациялоо  иштерин  жүргүзүүдө. Бүгункү күндө, 3 жаңы конушта газ түтүктөрү  тартылып жатат. 

Инвестициялык программалардын алкагында  Бишкекте акыркы 40 жыл аралыгында биринчи жолу  магистралдык  газ түтүктөрү  тартылды. Эске салсак, 2030-жылга карата  “Газпром ”  Кыргызстандын  60 пайызын газ менен камсыз кыла тургандыгын убадалаган.  

Г.Усенова, “Биринчи радио”