Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы белгиленүүдө
Саясат
Бүгүн Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы белгиленүүдө

Бүгүн Кыргызстанда дипломаттардын кесиптик майрамы белгиленүүдө. Бул 1998-жылы Бириккен Улуттар уюмунун күнүнө карата негизделген. Майрам дипломаттардын өлкөнүн тышкы саясатындагы, эл аралык мамиледеги ордун даңазалайт. Кыргыз элчилерине, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине инвестиция алып келүү, чет өлкөлөрдөгү мекендештердин укуктарын коргоп, аларга ар тараптан жардам берүү, өлкөлөр ортосундагы алаканы арттыруу милдеттери жүктөлгөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстандын дипломатия тармагындагы кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө мындай деп айтылат: “Урматтуу дипломатия тармагынын кызматкерлери жана ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Дипломатия кызматынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм! Соңку он жылдыктарда Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунда жана чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоо салттары калыптанды.

Биз келечекте мамлекетибизди өнүктүрүүнүн стратегиялык максаттарына жетүү үчүн ыңгайлуу тышкы шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган прагматикалуу, көп кырдуу, узак мөөнөттүү жана ырааттуу тышкы саясатты жүргүзүп жатабыз. Дипломаттарга өзгөчө милдет жүктөлгөн. Сиздер мекенчил болуп, бир нече чет тилин билип, ак ниет жана үзүрлүү кызматтын үлгүсүн көрсөтүшүңүздөр керек. Себеби сиздер аркылуу мамлекетибизди таанып билишет. Дипломаттар ар тараптан билимдүү болуп, алардын саясий аң-сезими терең, маданияты бийик жана жоопкерчиликтүү болушу керек.

Мамлекеттик кызыкчылыктарды жана кесиптик салттарды бекем сактоого тийиш. Соңку мезгилде дипломатиялык кызматтын беделин чыңдоо зарылдыгы пайда болду. Кызматкерлердин ырааттуу карьералык жана кесиптик жактан өсүшү үчүн өбөлгө түзүү жана жаңы муундагы дипломаттарды даярдоо абдан маанилүү.

Азыркы эл аралык кырдаалдын динамикасы жана жаңы коркунучтардын, чакырыктардын пайда болушу сиздерден аларга ыкчам жооп берүүнү, таразаланган жана жооптуу чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Соңку мезгилде биз союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен болгон алаканы чыңдап, глобалдык, региондук уюмдардын, интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз мамилени түзө алдык.

Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөр менен өз ара түшүнүшүүгө жана кызыкчылыктарды сактоого негизделген ар тараптуу, өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатабыз. Мындан ары да сиздер мамлекетибизди өнүктүрүүгө татыктуу салым кошуп, жаш дипломаттарды тарбиялап, тышкы саясатта чоң ийгиликтерге жетише бересиздер деп терең ишенем. Сиздерге бекем ден соолук, бакты-таалай, талыкпаган күч-кубат, Кыргыз Республикасынын бакубаттыгы үчүн жаңы жетишкендиктерди каалайм!”