Жаңылыктар
“Өзгөн күрүч” кооперативи мыйзамсыз иштөөдө
Кылмыш
“Өзгөн күрүч” кооперативи мыйзамсыз иштөөдө

Өзгөн шаарындагы “Өзгөн күрүч” кооперативи мыйзамсыз иш алып барып жатат дешип жеке ишкерлер айтып чыгышты. Тактап айтканда, ишкана Мавлянов атындагы адистештирилген кооперативинин мөөрүн түшүрүп, жасалма жол менен 129 гектар жерди өздөштүрүшкөн. Азыркы тапта жогоруда айтылган аянтты эки кооператив тең жарымынан иштетип келишүүдө. Талашка түшкөн жер кимдин атында экиндиги үч жылдан бери аныкталбай келет. Кимге карашын тактоо үчүн сотко да кайрылышкан.

Сөз болуп жаткан кооператив 1994-жылы Кара-Дарыя деп аталып ачылган. Кийинчерээк  Мавлянов атындагы адистештирилген ишкана болуп кайрадан түзүлгөн. Мекеме 246 гектар аянтка күрүч экчү. Мындан үч жыл мурун анын 129 гектарын “Өзгөн күрүч” кооперативи жасалма документтер менен өздөштүргөн дейт Мавлаянов атындагы адистештирилген кооперативинин адиси Алимурат Джанибеков. Анын айтымында, азыркы тапта аталган кооператив эки ишкананын атын алып иштетип келет.

“Өзгөн күрүч” кооперативи Мавлянов атындагы адистештирилген ишкананын мөөрүн түшүрүп, андагы жерлерди эч кимдин макулдугусуз ижарага берип жатат деп кошумчалады Алимурат Джанибеков.

“Мавлянов” кооперативинин жетекчилери бул маселе боюнча 3 жыл аралыгында бир канча мекемелерге кайрылышкан. Бирок натыйжа чыкпай келет. Эгерде бул иш аягына чыкпаса, жергиликтүү дыйкандар жабыркашы мүмкүндүгүн дыйкан Ахматхон Якубахунов айтат.

Эки ишкананын ээлери “Мавлянов” менен “Өзгөн күрүч” кооперативи эки башка деп көрсөтүп келишет. Экөө эки башка болсо да, “Өзгөн күрүч”  кооперативинин жетекчиси Абдурашит Абдуллаев асылдуулугу төмөн жерге күрүч эгип, жада калса салыктарды да убагында төлөбөйт дейт.

Асылдуулугу төмөн жерди дыйкандарга кайтаруу жана мурдакы ишкананын атын алып жүргөн “Мавлянов” атындагы адистештириген кооператив сотко үч күн мурун арыз жазышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп, бул маселе боюнча 18- апрелде сот отурумунда талкуулана турган болууда.

Асанбек Пазыл, “Биринчи радио”