Жаңылыктар
10-класста жалгыз окуп жаткан окуучу
Билим
10-класста жалгыз окуп жаткан окуучу

Кочкор районунун Ак-Талаа айылында 10- класстын окуучусу жалгыз  өзү окуп жатат.

Республикада ички миграциянын таасирлеринен улам же 9- классты аяктап өспүрүмдөрдүн кесиптик окуу жайларга тапшырып кеткен көрүнүштөр арбын. Андан улам  айрым айыл- кыштактарда  жогорку класстарда  10го жетпеген  окуучулар  билим  алып  жатканы  маалым. Бирок жалгыз окуучу калган учур каттала элек болчу. 

КР билим берүү  жана илим министрлиги, билим берүү мыйзамдарынын негизинде жакынкы аралыктагы мектептин аралыгы  3 километрден ашса, бир балага дагы билим берүү кадимкимдей улантылаарын билдирди.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"