Жаңылыктар
Өкмөт башчы министр кызматына талапкерлерди сунуштады
Саясат
Өкмөт башчы министр кызматына талапкерлерди сунуштады

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башчылыгына Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоровдун, ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Азамат Жаманкуловдун талапкерлигин сунуштады. Жаманкулов буга чейин аталган министрликтин жетекчисинин орун басары болуп, Туризм департаментин жетектеп келген. 

Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан алынып же отставкага кеткен учурда өкмөт башчы жаңы талапкерди Жогорку Кеңешке сунуштап, тийиштүү токтом чыккандан кийин президент үч күндүн ичинде жарлык чыгарышы керек.