Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 312-чакырымына түшкөн таштан жабылган жол бир тарапка толук ачылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 4-апрелде Нарын облусунун Бейше-Булак участкасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 312-чакырымында унаа жолго көлөмү болжол менен 700 метр таш кулап түшкөн. Натыйжада,жолдун бир бөлүгү тосулуп, унаалар бир тараптуу өтүп калган болчу. Жолду тазалоо иштерин аталган жолду оңдоп жаткан Кытай-Кувейт “Джойнт Венче” компаниясынын техникаларыменен бир тарапка толук ачылды. Унаа жолду эки тараптуу ачуу үчүн учурда Нарын районунун Кызыл-Бел участкасынан чоң таштарды майдалоочу ири “Гидромолот” инженердик техниканы алып келүү иштери уюштурулуп жатат. Окуя болгон жерде жол кайгуул кызматы тарабынан пост коюлду. Ушул аптанын ичинде окуя болгон жерде жардыруу иштери жүргүзүлөрү күтүлүүдө.