Жаңылыктар
Сууга зар болгон айылдыктардын мүдөөсү орундалды
Аймак
Сууга зар болгон айылдыктардын мүдөөсү орундалды

Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Самаркандек айыл өкмөтүндөгү 150дөй кожолукка таза суу берилди. Миң-Өрүк айылында суу тартыштыгы күч болуп, кошуна өлкөнүн айылдары менен мурда суу талашкан учурлар катталып турган. Эми минтип 7,5 чакырым жерден суу тартылып, элеттиктердин негизги көйгөйү чечилди.

Миң-өрүк айылынын тургуну Бубумайрам Шергазыева таза сууну кошуна айылдардан ташып, кээде арыктагы суудан ичүүчү сууга колдонуп келген. Айылда ал да тартыш болуп, кошуна тажикстандын айылдары менен суу талашкан учурлар катталып турчу. Эми минтип ар бир көчөгө таза суу түтүгү орнотулуп, маселе жеңилдеди.

Айылдагы 150дөй кожолукка таза суу тартуу үчүн өкмөттөн жалпы 10 жарым млн сом сарпталган. 7,5 чакырымдан суу алынып, 100 кубдук суу сактоочу кампа да курулган. Кампанын айланасы тосулуп, коопсуздук эске алынган.

Долбоордун негизинде, жумушту Кадамжай шахта акционердик коому аткарып,санитардык абал эске алынган.Жумуш өткөн жылы башталып, суу бир ай мурда берилген. Азыр элеттиктердин суу көйгөйү толук жоюлду.

Миң-Өрүк айылы район борборунан 25 чакырым, ал эми Самаркандек айыл өкмөтүнөн 37 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ал Тажикстан республикасынын Сурх айылы менен чектешет.