Жаңылыктар
Студенттердин коомдогу жигердүүлүгүн күчөтүү максатында ыктыярчылар кыймылы түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Студенттердин коомдогу жигердүүлүгүн күчөтүү максатында ыктыярчылар кыймылы түзүлдү

Студенттерден түзүлгөн “Ак ниет” ыктыярчылар кыймылы пайда болду. Кыймыл Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын алдындагы юридикалык коллеждин студенттери, окутуучуларынын демилгеси менен түзүлдү. Анын биринчи жыйынына коллеждин ыктыярчылары жана академиянын студенттери катышты. Урааны, “Башкаларга жардам берүү менен өзүңө жардам бересин” деп аталат. 

Ыктыярчылар кыймылынын максаты жана милдети студенттерди окуудан сырткаркы убакыттарында С, социалдык-адистик позициясын жана жоопкерчилигин жогорулатуу, түрдүү жарандык иш-чараларга катышуусуна кызыктыруу. Ыктыярчылардын катарына өлкөдөгү бардык окуу жайлардын студенттери, мугалимдер, жаштар кошула алышат.