Жаңылыктар
УКМК: жерге көмүлгөн унаа табылды
Кылмыш
УКМК: жерге көмүлгөн унаа табылды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кылмыштын изин жашыруу максатында Баткенде жерге көмүлгөн автоунааны таап чыгышты. Мекеменин маалыматына караганда, унаа ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Баткен облусунда үч метр тереңдикте көмүлгөн жеринен табылды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 2015-жылы Сирия жана Ирактагы согушкерлерди каржылаш үчүн акчалуу адамдарды карактап жүргөн террордук уюмдун мүчөлөрү көмүп салышканын айтууда. 

“Автоунаа 2015-жылдын апрель айында карактоо учурунда колдонулган. Ош шаарынын тургунуна кол салып, анын 1 миллион 300 миң долларын тартып алган окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, бирок кайра жабылган. Учурда ошол ишке катышкандарды аныктоо максатында УКМК жана ИИМ өкүлдөрүнөн турган атайын топ түзүлдү”, - деп билдирди бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы. 

Расмий органдардын кабарлашынча, Сириядагы согушка катышканы кеткен кыргыз жарандарынын саны 600гө жетип, кийин токтой баштады.