Жаңылыктар
А.Атамбаев кызмат учурунда каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты
Кырсык
А.Атамбаев кызмат учурунда каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев НТС телекомпаниясынын оператору Жоомарт Асанбековдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, материалдык жардам көрсөттү. Мамлекет башчынын буйругу менен маркумдун үй-бүлөсүнө Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондусунан 50 миң сом берилди. Эске салсак, оператор Жоомарт Асанбеков кече кечки саат 10дор чамасында Бишкектин Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде кырсыктаган.

Ал жолдун ортосунда жаңы жылдык долбоорго сюжет тартып жаткан учурда 2 унаа катары менен сүзүп кеткен. Алган жарааты оор болгондуктан, ошол жерден жан бергенин ИИМден басма сөз кызматы билдирди.

Жоомарт Асанбеков үй бүлөдө жалгыз бала, телеканалда иштеп жатканына 1 жылдан ашкан. 22 жаш куракта мезгилсиз дүйнө салган оператор кесиптешинин ар дайым эсинде болоорун телекомпаниядан билдирди. КТРКнын жааматы да оператор Жоомарт Асанбековдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтат.