Жаңылыктар
Кыргызстандын картошкасы сыртка экспорттоло баштады
Айыл чарба
Кыргызстандын картошкасы сыртка экспорттоло баштады

Республиканын картошкасы сыртка экспорттоло баштады. Күнүнө 350 – 400 тонна түшүм Өзбекстанда сатылып жатканын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев “Биринчи радиого” билдирди. Көптөн бери көйгөй жаратып келген дыйкандардын мүдөөсү ишке ашып, картошка экспортко чыгарылууда. 

Быйыл республиканын дыйкандары бир жарым миллион картошка өндүрүүгө жетишти. Анын ички рынокту камсыз кылууга 900 миң тоннасы керектелет. Калган 600 миң тоннасы сыртка экспорттолот. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"