Жаңылыктар
Сереп: Кыргызстан коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарына кирди
Коррупция
Сереп: Кыргызстан коррупцияга баткан өлкөлөрдүн катарына кирди

Дүйнөлүк экономикалык форум жыл cайын чыгара турган “Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жөнүндө глобалдык отчетун” жарыялады. Аталган форум 140 мамлекеттеги коррупцияга каршы күрөшүүдө аткарылып жаткан жумуштарга көз жүгүртүп, жыйынтыгында аларга 1 ден 100 гө чейинки баа берген. 100 деген баа ал мамлекетте коррупция өтө аз санда  дегенди түшүндүрөт. 30 га чейинки балл ыйгарылган өлкөлөр жемкорлуктун сазына баткандыктын белгиси. 

Кыргызстан 29  баллдык көрсөткүчкө ээ болгон 32 мамлекеттин катарына кирген. Деген менен коомчулук өлкөдө коррупцияга каршы жумуштар активдүү жүрүп жатканын  айтышууда. 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков да президенттик кызматка киришкен күндөн тарта эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөрдө чындык бар экенин айтып, жемкорлукка каршы күрөш аеосуз жүргүзүлө тургандыгын ар дайым баса белгилеп келет. Эл аралык уюмдардын  иликтөөсү эмнеге  негизделет, өлкө буга чейин канчанчы орунда турган, бүгүнкү күндөгү  реалдуу күрөштү артка тарткан көрүнүштөр кайсылар? “Сереп” уктуруусу саресеп салган.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"