Жаңылыктар
Айыл чарба продукцияларынын экспорту бул жылы былтыркыга салыштырмалуу көп
Экономика
Айыл чарба продукцияларынын экспорту бул жылы былтыркыга салыштырмалуу көп

Жыл жыйынтыгы менен 600 миң тоннадан ашык ата мекендик айыл чарба азыгы чет мамлекеттерге экспорттолот. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди. Анын айтуусунда, айыл чарба продукцияларынын экспорту бул жылы былтыркыга салыштырганда бир кыйла көп. Тогуз айдагы жазгы оруп-жыйноонун жыйынтыгы менен жарым миллион тоннага жакын мөмө-жемиш сыртка чыгарылды.



Айыл чарба азыктары сатылган базардан күнүнө 300 тоннадай продукциялар экспортко кетип жатат. Баары мөмө-жемиштин бышканына жараша. Жайы менен кулпунай, малина, кара өрүк, шабдаалы жиберилсе, азыр алма. Алдыдагы он күндө, картошка менен капустанын мезгили башталат.


Мөмө, жер-жемиштерден сырткары, эт, сүт азыктарынын экспорту да өсүүдө. Буга өлкөдөгү жана чек арадан тышкары оорулар боюнча эпизоотикалык абалы туруктуулугу жана лаборатория менен өлчөнгөн өндүрүштүн сапаты себеп. Бүгүнкү күндө малдын саламаттыгын, эт-сүт азыктарынын сапатын аныктаган 19 лаборатория иштеп жатат.