Жаңылыктар
Жаңы дайындалган министрлер жамааттары менен тааныштырылды
Саясат
Жаңы дайындалган министрлер жамааттары менен тааныштырылды

Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Өлкө башчынын башка бир жарлыгы менен Улукбек Кочкоров Эмгек жана социалдык өнүгүү министри болуп дайындалды. Эскерте кетсек, өкмөт башчы сунуш кылган бул эки талапкерди Жогорку Кеңеш колдоп берди.

Жаңы дайындалган Улукбек Кочкоровду Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Азамат Жаманкулов Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратына тааныштырылды. Аларды эмгек жамаат менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Анда вице-премьер учурдагы эки министрликтин алдында турган милдеттерге токтолду.