Жаңылыктар
“Айкөл Манас - ыйык мурас”: Тоңдо манасчылар үч күн манас айтышты
Маданият
“Айкөл Манас - ыйык мурас”: Тоңдо манасчылар үч күн манас айтышты

Тоң районунун Тоң айылында “Айкөл Манас - ыйык мурас” аталышындагы манасчылардын үч күндүк иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чара “Айкөл аян” коомдук уюму жана Тоңдон чыккан Манасчы Жапый Тыныбектин урпактарынын демилгеси менен акыркы үч жылдан бери өтүп келүүдө. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө буга Кыргызстандын баардык облустарынан отуздан ашык манасчы катышып, негизги максаты Манас айтуу өнөрүн жаштар арасында кеңири жайылтуу. Үч күндүк манас айтуу учурунда манасчылар Тоң айылдык орто мектебинин балдары менен да жолугуп, алардын кызыктырган суроолоруна да жооп беришти. Жыйынтыгында Манасчылар райондун Ардак грамотасы жана “Айкөл аян” коомдук уюму тарабынан уюштурулган баалуу белектерге ээ болушту.


"Эки күндөн бери балдарды көрдүк. Былтыркыга караганда жаш манасчы балдар абдан өсүп, бийиктеп калганы байкалып атат.Эми жыл сайын ушундай бийиктей беришет. Анан тиги агаларындай болуп даражалары көтөрүлөт. Ошентип кыргызмдын Манас дүйнөсү даңазалана берет. Эч качан жоголбойт, кайра тескерисинче бийиктей берет. Ааламды таң калтыра берет. Жалпы адамзаты сыймыктанчу нерсесине айлана берет",
- деди Кыргыз Республикасынын эл артисти Табылды Актанов.

"Улуу муундан ушул мектептердеги балдарга идеалогияны таратуу болду. Бул багытта мына айылдагы чоң класстардын окуучулары менен Манасчылар жолугуп абдан кызыктуу суроолорду беришти. Азыр эми иш чара аяктап атат. Ал болсо өзүнүн максатына жетти деп ойлойм",- деп билдирди “Айкөл аян” коомдук уюмунун төрайымы Азиза Мамбетказиева.