Жаңылыктар
Футбол: Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 90-орунга көтөрүлдү
Спорт
Футбол: Кыргызстан курамасы ФИФА рейтингинде 90-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын рейтингинде бир тепкичке жогорулап, 90-орунга көтөрүлдү. ФИФАнын жаңыланган рейтинги 25-октябрда жарыяланды. Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бельгия, андан кийин Франция, үчүнчүдө Бразилиянын командасы турат. 

Ал эми Хорватия, Англия, Уругвай, Португалия, Швейцария, Испания жана Дания мамлекеттери кийинки катарлардан орун алган. Айдын эң мыкты командасы деп Гибралтар табылды. Ал сегиз баскычка жогорулап 190-орунду ээледи. Ал эми эң начар көрсөткүч Мозамбик футболчуларына тиешелүү. Алар сегиз сапка төмөндөп, 122-орунга түшүп калды.