Жаңылыктар
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Спорт
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Венгриянын Будапешт шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бүткүл Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат. Анда жазылгандай Жоламан Шаршенбеков финалдык баскычка чейин бардык атаандаштарын ири эсеп менен жеңген. Эми ал алтын байге үчүн азербайжандык Элданиз Азизли менен күрөшөт. 

Ошондой эле 82 килограммда күч сынашкан Атабек Азисбеков жарым финалда утулуп, коло үчүн күрөшөт. Эске салсак, 20-октябрда башталган күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 28-октябрда аяктайт.