Жаңылыктар
Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымына кылмыш иши козголду
Кылмыш
Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымына кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеевага карата кылмыш ишин козгоду. Ал "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз чечим чыгарган" деп айыпталып жатат. 

Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазып чыкты. Мекеменин берген маалыматына караганда, 2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акчаны өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, Кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган. Башкы прокуратура ошол доо арызды жазган кытайлык жарандын өзүнө карата мурда Кыргызстанда “Алдамчылык” беренеси менен иш козголуп, ал издөөдө жүргөнүн билдирди. Элвира Жаркеевага карата козголгон кылмыш иши УКМКга тергөөгө жөнөтүлдү.