Жаңылыктар
“Региондогу илим - региондун экономикасына” аталышындагы илимий конференция өттү
Билим
“Региондогу илим - региондун экономикасына” аталышындагы илимий конференция өттү

Жалал-Абад шаарында “Региондогу илим - региондун экономикасына” аталышындагы илимий-практикалык конференция өттү. Илимий-практикалык конференцияга Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги, мүчөлөрү жана академиянын түштүк аймактык бөлүмүнүн окумуштуулары, ошондой эле өкмөт өкүлдөрү, андан сырткары саламаттыкты сактоо, экология, айлана-чөйрөнү коргоо кызматтары катышты. Конференциянын жүрүшүндө бүгүнкү күндөгү илимдин абалы жана айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарын натыйжалуу пайдалануу жолдору тууралуу жана башка багыттагы түрдүү докладдар окулду. Иш-чара Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын 75 жылдыгына жана “Аймактарды өнүктүрүү” жылына арналып уюуштурулган.

“Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында уюуштурдук. Биздин негизги максатыбыз, түштүк жериндеги илимий мекемелерди баарын чогултуп, илимдин натыйжасында экономикага кандай реалдуу жардам бере алабыз, кандай жолдорун издеп чыгышыбыз керек экенин талкууладык”,- деди Улуттук илимдер академиясынын президенти Муратбек Жуматаев.

“Грек жаңгагын кыйыштыруунун жолу тууралуу эки доклад жасадым. Айтайын деген оюубуз, жаңгакты кол менен кыйып отурбай, ток менен иштей турган биз ойлоп чыккан жаңы техология менен иштөө жолун көрсөттүк”,- деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмүнүн Жалал-Абад илимий борборунун кызматкери Акимжан Пренеев.