Жаңылыктар
Дары-дармектерди жөнгө салуу багытында тегерек стол өттү
Ден соолук
Дары-дармектерди жөнгө салуу багытында тегерек стол өттү

Дары жана медициналык каражаттарды жөнгө салууда жаңы ыкмалар: мыйзам алдындагы нормативдик-укуктук актылар - деген аталыштагы тегерек стол Бишкекте өттү. Иш-чарага дары дармек менен камсыз кылуу департаменти жана фармацевтика тармагында өлкө аймагында иш алып барган ишкерлер катышты. Соңку жылдары саламаттык сактоо тармагын реформалоонун алкагында бир топ мыйзамдарга, нормативдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөр кирген. Жалпысынан дары-дармек базарын жөнгө салуу боюнча 18 мыйзамдын башын бириктирген акт даярдалган. Аны ишке ашыруу боюнча өкмөттүн токтомдору чыгууда. Мекеменин өзүнүн ишин жакшыртуу максатында сапат менеджмети жана электрондук изилдөө системасы киргизилип жатат.