Жаңылыктар
“Бирдиктүү терезе” тартибинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
“Бирдиктүү терезе” тартибинде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору ачылды

Эми жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды бир жерден ала алышат. Бүгүн Бишкекте “бирдиктүү терезе” тартибинде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча борбор ачылды. Эми керектүү документтерди алуу жөрөлгөсү кыйла жөнөкөйлөштү. Мында соттолгондугунун бар-жогу жөнүндө маалымдама, кооптуу жүктөрдү ташып жүрүүгө уруксат, апостилди коюу, ошондой эле жарандык жана кызматтык куралды жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн документтерди алса болот. 

“Бирдиктүү терезе” принцибинде иштей турган мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча борбордун ачылышына Президент Сооронбай Жээнбеков дагы катышты. Ал борбордун кызматкерлерине ийгилик каалап, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу коррупцияны түп тамыры менен жок кылууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.