Кыргызстанда тигүү тармагы - жарандарды жумуш орундары менен камсыз кылууда айыл чарбадан кийинки орунда турат. Акыркы 15 жылда текстиль тармагы өлкө экономикасынын негизги 5 тармагынын бири болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тигилген кийим-кечектин экспорту көлөмү боюнча алтын жана айыл чарба азыктарынан кийинки катарда турат. Социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин шарттап, экономиканы көтөрө турган тармак анткен менен чоң көйгөйдү башынан кечирүүдө.
Мезгилге жараша кыз-келиндердин кийимин тигип жаткан Асель Биялиева. Тигүүчүлүк кесип менен алектенгенине 18 жылдан ашты. Ал эми ушул цехте иштеп жатканына 14 жыл болуптур. Дарак бир жерден көгөрөт - деп тигүүчүлүктүн арты менен жашоо-турмушуна керектүү нерселердин баарына жеткен.
100 адамга ылайыкташкан тигүү фабрикасы. Кайсыл мезгил болбосун мында туруктуу жумуш бар. Бирок цехте азыр 30га жетпеген адам иштеп, машиналардын көбү бош турат. Себеби, адистер жок. Маселени чечүү үчүн ишкана жетекчилиги жарнама аркылуу шыгы бар кыз-келиндерди чогултууга аргасыз болгон.
“Мэйд ин кж” бренди менен таанымал Кыргызстандын кийим кечелери ЕАЭБ аймагында сапат боюнча алдынкы орунда. Экспортко багытталган тармактын иши илгерилеп, көп жумуш орундары түзүлдү. Тармакта 35 000ден ашуун компания иштейт. Аларда жалпысы 300 миңдей жумушчу эмгектенет. Анткен менен тармактын ишин дагы алдыга жылдырууда жаш кадрлардын жетишсиздигинен көп компаниялар кыйналып турушат. Абал ушул бойдон кете берсе тармакты жогорку деңгээлде көпкө кармап туруусуна күмөн жаралат. Кыйнап жумуш жасата албайсын, анын ордуна ишчилерди кызыктыруучу, көйгөйлөрүн чечүүгө үмүт берүүдө чечкиндүү кадамдар аркылуу маселеден чыгууга болоорун адистер белгилешет.
Тигүү тармагынын келечеги, жумушчуларды социалдык жактан колдоо, ишчилердин даражасын жогорулатуу маселелерине арналган ири форум ноябрь айынын ортосунда Бишкекте өтөт.