Жаңылыктар
Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди
Аймак
Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди

Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилип, эстелик алдында гүлчамбар коюлду. 1999-2000-жылдары өлкө чек арасын бузуп кирген куралчан баскынчыларга каршы туруп, 76 аскер каза болгон. Бул окуя өлкө тарыхындагы кайгылуу барактары болуп калган.

Курман болгон баатырлардын жаркын элеси эч качан унутулбайт. Алардын эрдиги жыл өткөн сайын баркталып, эл арасында жашай берет деп эскеришти катышуучулар. Белгилей кетсек 2015-жылдын 26-октябры - Баткен согушунда курман болгондорду эскерүү күнү деп расмий кабыл алынган.