Жаңылыктар
Индонезияда учак деңизге кулады
Дүйнө
Индонезияда учак деңизге кулады

Индонезияда "Боинг" учагы деңизге кулады. Индонезиялык "Lion Air" авиакомпаниясына таандык "Boeing 737-800" үлгүсүндөгү жүргүнчүлөр учагы борбор шаар Жакартанын аэропортунан учуп чыккандан кийин кырсыкка кабылганы кабарланууда. 

"Би-Би-Си" билдиргендей, учак Ява аралынын батыш жээктеринде деңизге кулаган. Жакартадан Индонезиянын Банка аралындагы Панкалпинанг шаарына багыт алган лайнер учуп чыккандан болжол менен 10 мүнөт өткөндөн кийин радардан жоголгон. Анын бортунда канча киши болгону азырынча белгисиз. Каттамды аткарган "Boeing 737-800" учагына 189га чейин киши батат. "Lion Air" - Индонезиядагы эң чоң менчик авиакомпания. Анын карамагында 100дөн ашык учак бар.