Жаңылыктар
Таксист жигит киши колдуу болуп каза тапты
Кылмыш
Таксист жигит киши колдуу болуп каза тапты

Каракол шаарында Бишкек—Каракол каттамы менен жүргүнчүлөрдү ташыган таксист жигиттин киши колдуу болгон жансыз денеси табылды. Анын өмүрүн белгисиз адамдар 27-октябрда кыйган.

Маркумдун денесинин жанынан таяк табылган. Кол салгандар таксистти ошол таяк менен сабап өлтүргөн деп болжолдонуп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун бети катуу жабыркап, тиштери сынган. Ал эми таксисттин унаасы табыла элек.

Маркум үй-бүлө кура элек болчу. Анын артында 6 бир тууганы жана апасы калды. Атасы буга чейин көз жумган.

Киши колдуу болгон таксист жигит бүгүн, 29-октябрда акыркы сапарга узатылат.