Жаңылыктар
Ноокатта балдардын шоктугунан сарай өрттөндү
Өзгөчө кырдаал
Ноокатта балдардын шоктугунан сарай өрттөндү

Ноокат районунун Борко айылында сарай өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрттүн чыгышына балдардын шоктугу себеп болгон. 

Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу шифер жабылган 2 кабаттуу сарайдын 60 чарчы метр чатыры, 150 түк чөп, 50 түк саман, 400 кг чөп күйүп кетти.