Жаңылыктар
Алматы - Бишкек жолундагы кырсыктан 21 киши жабыркады
Кырсык
Алматы - Бишкек жолундагы кырсыктан 21 киши жабыркады

Алматы-Бишкек жолундагы 21 киши жабыркаган кырсык 28-октябрда, Алматы-Бишкек жолунун 23-чакырымында катталган. "Тengrinews" агенттиги Казакстандын укук коргоо органдарына шилтеме берип билдиргендей, анда маршруттук автоунаа менен автобус кагылышкан. 

Автобустун жүргүнчүлөрү оор жаракат алган эмес. Кичи автобустагылар ооруканага жеткирилген жана алардын абалы жакшы экени кабарланды. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар барбы-жокпу азырынча белгисиз. Казакстанда жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашкандай, өткөн жума ичинде өлкө аймагында 18 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Алардын ичинде жол чырактын тыюу салынган белгисинен өтүү, мас абалында унаа башкаруу, унааны жогорку ылдамдыкта айдоо, башка транспортторго тоскоолдук жаратуу, коопсуздук курун тагынбоо жана унаанын алдыңкы жана каптал айнегин караңгылатуу фактылары бар. Жол эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынып, 1 миң 117 айдоочунун унаасы айып короого киргизилди.