Жаңылыктар
Жаңы чиновниктер ишеним жаратабы?
Саясат
Жаңы чиновниктер ишеним жаратабы?

Өлкөдө соңку күндөрдө болгон кадрдык дайындоолор коомчулукта жылуу пикир жаратты. Кыргызстанда бош турган министрлик кызматтарга элдин ишенимин жараткан кадрлар сунушталып, президенттин жарлыгы менен бекитилди. Ошентип КР тышкы иштер министри  Чыңгыз Айдарбеков, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров жана КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов болуп калды. Ал эми КР ЖК депутаты, эл өкүлү катары активдүү иш алып барып, шайлоочулардын арасында кадыр-барк топтой баштаган жаш депутат Акылбек Жамангулов Мамлекеттик мүлк фондунун буйругу менен “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун, тактап айтканда мамлекеттин карамагындагы «Мегаком» мобилдик компаниясынын  жетекчиси болуп дайындалды. Дагы бир жаш кадр, экономика министринин орун басары, андан соң өкмөт аппаратында иш билги кызматкер катары бааланып, иштеп келген Данияр Иманалиев Президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп калды. Бүгүнкү бийликтин кадр маселесине олуттуу көңүл бөлүп, жөндөмдүү жаш кадрларды тартып жатышын коомчулук жакшы  кабыл алды. Буга чейин кадр саясатында кеткен алешемдиктер, жаштар иштесин деп  жооптуу кызматтарга коюлган  жаштар да - ишенимди  актабай калган учурлар да болду. Бирок, жаш курагына эмес, потенциалына, даярдыгына  карап кадр тандоо зарылчылыгы келип чыкканын өлкөдөгү акыркы окуялар көрсөттү. 

           Жаңы ысымдарды, же болбосо аткаруу  бийлигине эми аралашкандарды өтө эле жаш  деп айтууга да болбойт. Кыргызда “отузунда  орок орбогон, кыркында кылыч чаппайт!” деген сөз бар. Андыктан кырктын кырынан  эчак оогон социалдык тармакты жана тышкы саясатты тейлеген жаңы министрлер да  бир топ даярдык, жетиштүү потенциал менен келди десек болот. Улукбек Кочкоров эл өкүлү катары саясаттын казанында кайнап, президенттикке талапкер катары бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөрүп жүргөн. Эми аткаруу бийлигинде туруп,аны чечүү жолдорун да табууга аракет кылат деген ишенимде туралы. Ал эми тышкы саясатты тейлөөгө келген министр Чынгыз Айдарбеков болсо бардык тепкичтерди басып өтүп, өлкө имиджин эл аралык аренада сактоонун, тышкы саясий жана экономикалык байланыштарды чыңдоонун жол жобосу менен тааныш кадр экенин тана албайбыз. Анткени буга чейин эл ичинде жооптуу кызматтарга, министрлик, ведомостволордун жетекчилигине дайындоодо болуп жаткан баш аламандык жана өң тааныштык талкууга алынып, бир топ сын пикирлер жаралып келген эле. Партиялардын, парламенттеги фракциялардын кызматтарды бөлүштүрүү ыкмасы, түзүмдөрдүн жетекчилик орундарын сеники,меники деп бири бирине ыйгарып алуусу мыйзамдык да, моралдык да жоопкерчиликке туура келбей турганын мезгил көрсөттү.

        Биз адатта министрлик орундарга, саясий  кызматтарга кадр тандалып  жатканда,  мурдагы жакшы иштеген,эл арасында кадыр-баркка ээ болуп калгандарды тизмектеп,  тигил ылайыктуу эле, бул болсо болмок деп талкуулап калабыз. Бирок, убакыт өтүп  жатат, кадрлар, айрыкча жетекчи кадрлар алмашып турушу керек, ааламдашуу  учурунда жана рыноктун катаал шарттарында мүнөт сайын башкаруунун, бизнес  жүгүртүүнүн,улам жаңы ыкмалары пайда болуп жаткан шартта жетекчилик орунда 5-10 жылдап жылбай отуруу кризиске алып келет. Канчалык жакшы иштеген кадр болсо да  анда токтоп калуу мүнөздүү болуп, жаңылануу процесси жүрбөй калат. Мындай  учурда жамааттын ичинде да нааразычылык пайда болуп, же бүтүндөй бир  министрлик, ведомоствонун иши үзгүлтүккө учураары турган иш.  Андыктан кадр маселесине чар-жайыт, кайсы бир  тараптардын бөлүшүп алуусуна шарт түзүү менен эмес, комплекстүү жана натыйжалуу  жыйынтык бергидей мамиле керек. Кадрларга болгон мамилени ырааттуу жүргүзүүгө  мурдагы советтик системадагы айрым элементтерди колдонууга болот. Мындай  пикирин “Биринчи Радиого” юридика илимдеринин доктору, профессор,  КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы  директору Арабаев Чолпонкул Исаевич билдирди.

           Мисалы кадрлардын Улуттук резервине мыкты кадрларды топтоо маселеси актуалдуу бойдон калды. Бул боюнча мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков дагы Мамлекеттик кадр кызматынын алдына мамлекеттик кызматкерлердин резервин түзүү, кадрлардын Улуттук резервинин иш механизмин иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын реформалоо тапшырмасын койгон. Албетте мамлекеттик кызматтын да баары бирдей болбойт. Мисалы саясий кызмат, атайын кызмат деген бар, аларга болгон талапты күчөтүү керек дейт, юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев.     

            Жогоруда белгиленгендей саясий кызматтарга министрлик орунга талапкер сунуштаган тараптын да жоопкерчилиги болушу керек. Бирок, бизде баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, премьер министрдин  ыйгарым укугу күчөтүлгөн. Мурда министрлер кабинети түзүлөөрдө парламенттеги фракция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, тигил же бул министрди кызматынан кетирем десе президентке сунуш киргизчү. Бул маселеде премьер-министр эч кимден сурабай эле иштей албаган министрди кызматтан ала алат. Кыскасы чоң кызматтын да ошончолук түйшүгү жана жоопкерчилиги бар экендигин аңдоочу мезгил келди. Чоң кызмат, же министр болуу баюнун,чет элде саякаттоонун же тууган-урукту кызматка орноштуруунун рычагы болбой калды.

Кененирээк мааламатты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"