Жаңылыктар
Ош шаарында улуттук ат оюндарынын чемпионаты башталды
Спорт
Ош шаарында  улуттук ат оюндарынын чемпионаты башталды

Ош шаарында 29-октябрдан 3-ноябрга чейин боло турган көчмөндөр оюнунун көркү болгон - көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш улуттук ат оюндарынын чемпионаты башталды. Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналды. Ат оюндары Ош шаарындагы “Төлөйкөн” ат майданында өтүп жатат. Ага республикадагы жети облус, эки шаардан жалпы тогуз курама команда ат салышууда. Турнирдин жыйынтыгы менен жеңген топко “спорттун чебери” наамы ыйгарылат. Мындан сырткары акчалай сыйлыктар да каралган.

"Бул оюнду өткөрөөрдөн мурун, көрүүчүлөргө да шарттарды түзгөнбүз, ат майданы толугу менен ремонттон өттү",- деди Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Нурдин Султанбаев.