Жаңылыктар
Ысык-Көлдөгү өзбек эс алуу жайлары мамлекетке өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдөгү өзбек эс алуу жайлары мамлекетке өтөт

Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Өзбекстандын 4 пансионаты 80 гектар жери менен мамлекеттин менчигине өтөт. Мындай буйрукка кечээ өкмөт башчысы Темир Сариев кол койду. 

"Рохат", "Дилором", "Золотые пески" жана “Бустон” пансионаттары ушу кезге чейин Өзбекстандын карамагында болуп келген. Өзбек пансионаттары эки өлкө ортосундаггы менчик укугун жана мамилелерди жөнгө салуу келишимине жана Жогорку Советтин КМШ өлкөлөрүнүн ээлигиндеги эс алуу жайларын Кыргызстандын менчигине өткөрүү токтомуна таянуу менен кыргыз тарапка өтүүдө.