Жаңылыктар
Банктарга болгон ишеним артууда
Экономика
Банктарга болгон ишеним артууда

2000-жылдары Кыргызстандын банк системасындагы депозиттер жана кредиттер бир жарым миллиард сомдун тегерегинде болсо, азыр ал 100 миллиард сомго жетти. Бул көрсөткүч банктарга болгон ишенимдин артып жаткандыгын айгинелейт. 

Мындай пикирди Бишкекте өткөн “Кыргызстандагы банк системасы. Андагы маселелер жана аны чечүүнүн жолдору” аттуу тегерек столдо Улуттук банктын расмий өкүлү билдирди. 

Раушан Сейиткасымова ырастагандай, бүгүнкү күндө өлкөдө 25 коммерциялык банк бар. Алардын бири да каржылык каатчылыкка учураган эмес. Ошол эле учурда, тармакта жөнгө салчу маселелер да бар. Аны ушул сыяктуу конференцияларда талкуулап, чечсе болот, - деди Сейиткасымова.