Жаңылыктар
Сууга кулаган Boeing 737 учагы жүздөгөн адамдын өмүрүн алды
Дүйнө
 Сууга кулаган Boeing 737 учагы жүздөгөн адамдын өмүрүн алды

Индонезияда сууга кулаган Boeing 737 учагынан бир да киши тирүү калган эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу боюнча улуттук агенттикке шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, Lion Air компаниясынын учагы Жакартанын аэропортунан учуп чыккан соң 13 мүнөттөн кийин радардан жоголуп кеткен. Батыш Яванын жээгинен учактын сыныктары табылды деген алгачкы билдирүүлөр окуя болгон жерде жүргөн кемелерден түшкөн. Авиакомпаниянын маалыматы боюнча учакта 181 жүргүнчү, эки учкуч жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Куткаруучулар ушу тапта алты адамдын сөөгүн тапты, издөө иштери уланууда. Кырсык болгон жерде учактын жарылган багы табылганы белгилүү.