Жаңылыктар
Сереп: Кадрдык саясаттын кемчилиги эмнеде?
Саясат
Сереп: Кадрдык саясаттын кемчилиги эмнеде?

Саясий кызматтарга акыркы дайындоолор көпчүлүктүн купулуна толо баштады. Коомчулуктун пикирине жем таштаган министрлер кабинетинин жаңыланышы, жогорку кызмат орундарына татыктуулардын келди деген ишеним жаратууга себеп болуп жатканын талдоочулар белгилешет. 

Мурда эл арасында жаштарга орун бергиле, жаштар иштесин деген нааразы кептер айтылып келгени менен жаш кадрлардын арасында да өз ишин жөндөй албагандар көп экендиги соңку учурларда кызматтан кол жууган министрлер, орун басарларынан байкалды дешет алар. Дагы да болсо өкмөт жана парламент эске алчу жагдайлар бар экендигине токтолгон эксперттер кадрлар бардыгын чечет деген сөздүн актуалдуулугу жогорулап бараткандыгын кошумчалашты. 

Белгилей кетсек, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кадр кызматынын төрагасын кабыл алып, учурдун көйгөйү татыктуу кадрлардын таңсыктыгын чечүү тапшырмасын койгон эле. Кардык саясаттын кемчилиги эмнеде? Алган багыты кандай болушу керек? Бийлик эл айткан сындан жыйынтык чыгарууга бет алдыбы? “Сереп” уктуруусу саресеп салган.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"