Жаңылыктар
Кыргыз – Орус биргелешен соода логистикалык борбору курулат
Экономика
Кыргыз – Орус биргелешен соода логистикалык борбору курулат

Кыргыз – Орус биргелешен соода логистикалык борбору курулат. Бул туурасында Россияга болгон жумушчу сапарында КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Коммерсант» гезитине берген маегинде билдирген. Анда министр Кыргызстан ЕАЭБти экономикалык маселелерин чечүүгө натыйжалуу аянтча катары карай турганын айткан.  

Учурда Республикада 6 ири логистикалык борборлор бар. Ошондой эле адистер ар бир аймакка өз класстерине карап чакан кампаларды курууну сунуштап жатат. Бирок эксперттер логистикалык борбор товарды топтоп гана эмес-  экспортко чыгаруу байланышын өркүндөтүп, өнөктөштөрү менен онлайн режиминде иштеши талапка ылайык болгонун белгилейт. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"