Жаңылыктар
Өлкөдө мектеп директорлоруна жаш кадрларды дайындоо сунушу көтөрүлүүдө
Билим
Өлкөдө мектеп директорлоруна жаш кадрларды дайындоо сунушу көтөрүлүүдө

Кыргызстанда мектеп директорлоруна жаш кадрларды дайындоо сунушу көтөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-октябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өткөн жыйында айтылды. Анда жаңы сунушталган мыйзамга ылайык билим берүү уюмдарынын жетекчилери 65 жашка чыкканда алар менен түзүлгөн келишим токтотулат. Кааласа алар жаш жетекчилерге насаатчы болуп иштей алат. 

Азыркы учурда мамлекеттик жана муниципиалдык билим берүү уюмдарынын 55 жетекчиси 65 жаштын тегерегиндеги адамдар. Мыйзамдын максаты билим берүү мекемелерин жаш кадрларды алып келүү менен билим деңгээлин көтөрүү. Эл өкүлдөрү демилгени колдоого алып, 25-30 жыл боюу директор болуп,мектепти менчигиндей ээлеп алган жетекчилерди сынга алды. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"