Жаңылыктар
Ош шаардык кеңеши: жаңы депутат ишке киришти
Саясат
Ош шаардык кеңеши: жаңы депутат ишке киришти

Ош шаардык кеңешине «Республика — Ата Журт» фракциясынын тизмесинен жаңы депутат келди. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда өтүп жаткан Ош шаардык кеңешинин кезектеги 16-сессиясында айтылды. 

Буга чейин депутат Жасур Азимов Ош шаарынын вице-мэри болуп дайындалып, анын орду бош калган.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов вице-мэр болуп дайындалган Жасур Азимовду куттуктап, анын ордуна келген Темирбек Жунусовго депутаттык төш белгини тапшырды.

Жунусов Темирбек Арстанбекович 1985-жылы төрөлгөн. 2016-жылды Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо тизмедеги 107 талапкердин ичинен №22 болуп жазылган. Ал учурда Жапалак айыл өкмөтүнүн башчысы болчу.