Жаңылыктар
Стамбулда Кыргызстан - Пакистан кызматташтыгы талкууланды
Саясат
Стамбулда Кыргызстан - Пакистан кызматташтыгы талкууланды

Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына барган Президент Сооронбай Жээнбеков, ал жактан Пакистандын Президенти Ариф Алви менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды. "Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында келерки жылы конструктивдүү диалогду улантууга жана колдоого даярмын. Мен Сиз менен дагы бир жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта болом", - деп баса белгиледи Президент. Ошондой эле кыргыз тарап 2019-жылдын июнь айында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Саммитинин алкагында анын Бишкекке жасай турган сапарын күтөрүн кошумчалады. 

Мындан тышкары, Пакистанда кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстандын жараны Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө маселелер козголду. Өз кезегинде, Пакистан Президенти Ариф Алви Кыргызстандын жараны Айылчиеванын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын аймагында чет өлкөлүк жарандардын укуктары бузулушуна жол бербестигин баса белгиледи. Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгып, талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрүнүн карым-катыш сапарларын уюштурууну сунуштады. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн абдан эле либералдуу мыйзамдар бар экенин белгиледи. Ариф Алви ошондой эле Жээнбековго, өзүнө ыңгайлуу болгон учурда Пакистанга визит менен келип кетүүгө чакырды.

"Мен кыргыз жаранынын маселесин жеке көзөмөлүмө алам жана Пакистандын территориясында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербейм. Өлкөмө кайтып баргандан кийин ички иштер министрин чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берем. Мындан тышкары өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну сунуштайт элем. Ошондой эле биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгып, аларды талкуулоо үчүн бизнес өкүлдөрүнүн өз ара карым-катыш визиттерин уюштуруу дагы зарыл болуп турат",- деди Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алви.