Жаңылыктар
Cасык тумоо менен ооругандар арбыды
Ден соолук
Cасык тумоо менен ооругандар арбыды

Жыл башынан бери сасык тумоо менен ооруган 3 миң 756 учур катталган. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 8,3 пайызга аз экенин Cаламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда сасык тумоого 14 жашка чейинки балдар көп кабылат. Алар жалпы ооругандардын 64 пайызын түзөт. "Бул дарт негизинен декабрдан тарта февралдын аягына чейин өөрчүйт. Сасык тумоо вирусу улам өзгөрүп тургандыктан жыл сайын эмдөө жүргүзүлүп турат", — деп айтылат маалыматта. Саламаттык сактоо министрлиги оорунун алдын алуу жана абалды көзөмөлдөп туруу максатында тендер өткөрүп, сасык тумоого каршы 79 миң доза вакцинация сатып алды.

Министрликтин ырасташынча элдин баары эмдөөдөн өтүшү керек. Биринчи кезекте сасык тумоодон кийин оорусу күчөп кете турчулар, 6 айдан ашкан ымыркайлар, кош бойлуу аялдар, 65 жаштан жогорку карылар жана өнөкөт дарты барлар эмдөөдөн өтүшү шарт. Ошондой эле медициналык жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери да эмдөөнү көңүл сыртында калтырбашы зарыл.