Жаңылыктар
Бишкекте медицина тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр талкууланды
Ден соолук
Бишкекте медицина тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөр талкууланды

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары менен саламаттык сактоо министрлиги баш калаадагы медицина тармагында жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдү талкуулашты. 2017-жылы шаардык саламаттык сактоо департаменти саламаттык сактоо министрлигинин карамагына өткөн. Андан соң, атайын жумушчу топ түзүлүп, жалпы абалды изилдеп чыгып, Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлерин борборлоштуруу тууралуу бүтүмгө келген. 

Ушул күндө калаа боюнча 19 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору иш алып барса, эми алар төрт районго бөлүнүп, ирилештирилет. Бул иштин баары өкмөттүн министрликтерди оптимизациялоо токтомунун негизинде жана бөлүнгөн каражатты үнөмдөп сарптоого карата жасалууда. Өзгөртүүнүн экинчи баскычы болуп лабораторияларды бириктирүү каралган.

"Баары мурункудай эле иштей берет. Болгону жетекчилик кыскарат жана бугалтерия бир жерге биригет. Антпесе тендер бүтүп ар кандай баалар коюла берет экен",- деди Бишкек шаарындагы Свердлов районунун бириккен дарыгерлер борборунун аткаруучу директору Памир Муратов.