Жаңылыктар
Өкмөт отставкага кетеби?
Саясат
Өкмөт отставкага кетеби?

Кыргыз  өкмөтү 2015-жылдагы отчетун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү. Ал арада өкмөт  жакын арада отставкага кете тургандыгы тууралуу билдирүүлөр маалымат булактарына жарыялана баштады. Бирок,  парламенттеги  оппозициялык фракциялардын айрым депутаттары азырынча өкмөттүн  отставкасы тууралуу  маалыматтары  жок  экендигин, эгер өкмөт отставкага кете турган болсо ал орунга талапкерди көрсөтө тургандыгын айтууда. Эске салсак, өткөн жылдын апрель айында , мурдагы  премьер-минитср Жоомарт Оторбаев Жогорку Кеңешке отчет берген соң  кызматынан кеткен эле. 

4-апрелде  кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылдагы иши боюнча премьер-министрдин Жогорку Кеңештин алдындагы отчетунун долбоору талкууланды.   Анда  өкмөт  2015-жылы макроэкономикалык  туруктуулукту   сактоого  жана экономиканын өнүгүүсүнө салым кошкондугу айтылды.  Мындан  тышкары “Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясында”  белгиленген  багыттар  боюнча  активдүү саясат жүргүзүлдү. Жыйын  соңунда   отчеттун долбоору өкмөт мүчөлөрү тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңешке жөнөтүү чечими кабыл алынгандыгын “Биринчи  радиого”  премьер-министрдин маалымат  катчысы Бакыт Асанов билдирди.

Ал арада өкмөт бир аптанын аралыгында отставкага кетет  деген   билдирүүлөр маалымат булактарына жарыяланууда.    Бирок, мындай  маалыматтар  чындыкка туура келбей тургандыгын  жана  өкмөттүн

 отставкага кетүүсүнө эч кандай негиз жок экендигин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлап жатат.  Эске салсак, былтыр  23-апрелде  мурдагы  премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 2014-жыл ичиндеги ишинин жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңеште отчёт берген соң  өкмөт башчылыктан кете тургандыгын жарыялаган болчу.  

Өкмөт башчы өткөн  аптада  парламент алдында инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат  берген   эле.  Бул  жаатта   айрым бир  тиешелүү органдар тарабынан кетирилген кемчиликтер бар экендигин  ЖКтин депутаты Алтынай Омурбекова айтат. Анын белгилешинче, өкмөттүн ишине  көпчүлүк коалициянын жоопкерчилиги  бар. Ошол эле учурда , эгер өкмөт отставкага кете турган болсо оппозициянын   сунуш кыла турган  талапкери  бар экендигин жашырбайт.

Бирок, көпчүлүк ,  премьер-министр, мурдагыларга салыштырмалуу  болгон  күч - аракетин  жумшап  иштеп жаткандыгын  айтууда.  Дал ушул пикирге   талдоочу Бекбосун Бөрубашев да кошулат.

Ошентип,  айрым маалымат булактары билдиргендей, өкмөттүн 2015-жылдагы отчетун парламент май айында кароону пландаштырып жатат.  Эскерте кетсек,  Жогорку Кеңеш  учурдагы өкмөттүн курамын 2015-жылдын 5-ноябрында бекиткен болучу.

Г.Усенова, “Биринчи радио”