Жаңылыктар
Өлкөдө ВИЧтен каза болгондордун саны өсүүдө
Ден соолук
Өлкөдө ВИЧтен каза болгондордун саны өсүүдө

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясынан каза болгондордун саны 1873кө жетти. Республикалык СПИД борбору билдиргендей, бул - өлкөдө ВИЧ жуктурган биринчи адам аныкталган 1996-жылдан ушул мезгилге чейинки аралыктагы көрсөткүч. Өлкөдө 2018-жылдын октябрь айына карата ВИЧ илдети менен расмий каттоого алынгандардын саны 8600 кишини түздү. 

Анын 8137си Кыргызстандын жарандары, арасында 645 бала бар. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Кыргызстан ВИЧ ылдам өсүп бараткан 25 мамлекеттин катарында. Ооруну жуктургандардын көбү эркектер.