Жаңылыктар
Тогуз-Тородо унаасына баңги зат сактап жүргөн жаран кармалды
Кылмыш
Тогуз-Тородо унаасына баңги зат сактап жүргөн жаран кармалды

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун тургуну үйүнө жана унаасына баңги зат сактап жүргөн жеринен кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиргендей, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа Казарман айылынын Нур-Жайык кичи шаарчасындагы үйлөрдүн биринин алдында токтоп турган учурда милиция кызматкерлери текшерүүгө алышкан. 

Тинтүү маалында салондон целлофанга оролгон баңги зат табылган. Андан кийин тургундун үйүн текшерген. Жыйынтыгында 105 грамм өлчөмүндөгү баңги зат, ошондой эле аны даярдоого колдонулган буюмдар табылган.