Жаңылыктар
Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри К.Кулматовду камакта калтырды
Саясат
Жогорку сот Бишкектин мурдагы мэри К.Кулматовду камакта калтырды

Жогорку сот Кулматовду үй камагына чыгаруу боюнча анын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Буга чейин ушул айдын башында Бишкектин Биринчи май райондук соту Кубанычбек Кулматовду 28-ноябрга чейин абакта калтыруу жөнүндө чечим кабыл алган. Бул чечимди шаардык сот күчүндө калтырган. Кулматов коррупция жана жараксыз паспортту пайдалануу боюнча айыпталып жатат. Быйыл 18-майда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинин алкагында ага Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен айып коюлган. 

Июнь айында Кулматовго “Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу”, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”беренелеринин негизинде экинчи кылмыш иши ачылган. УКМК аны "1995-жылы Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп айыптап жатат. Азыр ал УКМКнын тергөө абагында.