Жаңылыктар
Жемкорлордон 2 миллион 259 миң сом алынып, атайын эсепке которулду
Коррупция
Жемкорлордон 2 миллион 259 миң сом алынып, атайын эсепке которулду

Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүүдөн өндүрүлгөн 2 миллион 259 миң сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, Башкы прокуратура жалпысынан 30-октябрга карата мамлекетке 134 миллион 872 миң 168 сом которгон. 

Эске салсак, атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол койгон болчу.