Жаңылыктар
АКШ жарандыгын алуу маселеси оорлошот
Дүйнө
АКШ жарандыгын алуу маселеси оорлошот

АКШ президенти Дональд Трамп, кошмо штаттардын аймагында төрөлгөндөргө автоматтык түрдө берилчү жарандыкты четке кага турган жарлыкка кол коюу алдында турат. Бул туурасында ал НБО телеканалынан билдирди. “Биз адам башка жактан келип, же мыйзамсыз жүрсө да баласы биздин өлкөдө төрөлсө, ошол замат ага АКШнын жарандыгын берген дүйнөдөгү жалгыз мамлекетпиз. Муну токтотуу керек” - деди Трамп.

Анын айтуусунда, анын администрациясы буга байланыштуу жарлыкты даярдап жатат. Ал түшүндүргөндөй, анын кеңешчилеринин пикиринде, Американын аймагында төрөлгөндөргө автоматтык түрдө жарандык берүүнү токтотуу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн кажети жок.

Бирок кайсыл мамлекетте бала төрөлсө ошол мамлекеттин жарандыгына автоматтык түрдө ээ болуу тажрыйбасы эл аралык укуктук нормада кенен жайылган. Ал дүйнөдөгү 30дан ашык мамлекетте пайдаланылып келет. Мисалга, Канада, Мексика, Бразиля, Аргентина жана башка мамлекеттерде төрөлгөн чет элдик жарандын баласы кааласа ошол мамлекеттердин жарандыгын ала алышат.