Жаңылыктар
Бишкекте "Аалам алпы Айматов" аталышында иш-чара өттү
Маданият
Бишкекте "Аалам алпы Айматов" аталышында иш-чара өттү

«Аалам алпы Айматов». Мына ушундай аталышта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш чара Бишкекте өттү. Ааламды калем менен багындырган даңазалуу жазуучунун өлбөс-өчпөс чыгармалары аркылуу аруулукту, адамкерчиликти, гумандуулукту студенттерге үйрөтүү максатын көздөйт.

 Айтматовдун чыгармаларын изилдеген академик, коомдук ишмер, адабиятчы, белгилүү инсандардан куралган профессордук окутуучулук курам менен бирге Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин студенттери катышты. Саамалыктын сонунда студенттер тарабынан даярдалган Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр аткарылды.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"