Жаңылыктар
Кыргызстанда кызамык оорусу күч алууда
Ден соолук
Кыргызстанда кызамык оорусу күч алууда

Кыргызстанда кызамык оорусу күч алууда. Учурда ооругандардын саны 500гө жетти. Алардын көпчүлүгү жаш балдар экени маалым болду. 

Адистердин айтымында илдеттин көбөйүшүнө өз убагында эмдөө албагандар жана диний көз караштан улам баш тарткандар себепкер дешүүдө. Бирок ар бир баланын саламаттыгы үчүн ата-эне жоопкерчиликтүү экенин унутпаш керектигин медиктер эскеретет.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"