Жаңылыктар
Кыргызстанда Борбор Азияда алгачкы эл аралык өнөр жай паркы салынат
Экономика
 Кыргызстанда Борбор Азияда алгачкы эл аралык өнөр жай паркы салынат

Жакынкы бир жарым жылдын ичинде Кыргызстанда Борбор Азияда биринчи жолку эл аралык өнөр жай паркы салынат. Ири комплекстин пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Премьер-министр катышты. Мухаммедкалый Абылгазиев тигүү жана текстиль өнөр жайын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, өкмөт тарабынан бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылынын бул 70 гектар жер тилкесине бир жарым жылдан кийин чоң өнөр жай комплекси салынганы турат. Текстиль жана тигүү тармагы бир борбордо жайгашып иштесе экономканы ылдам өргө тартууга ишеним чоң. Борбор Азия боюнча ири долбоордун пайдубалына капсула салуу салтанатына Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы катышты. 

Чоң долбоордун жалпы наркы 200 миллион доллар. Инвестициянын 70 пайызын кыргыз ишкерлери салууда. Ал эми өнөктөштөр Орусия, Казакстан, Түркия менен Кытай бизнесмендери. Өнөр жай паркы иштей баштаса экономиканы кубаттандырууга зор түрткү болоорун белгилеген Премьер-министр Өкмөт тарабынан жер тилкесин трансформациялоо, тиешелүү инфраструктураны түзүүгө зарыл болгон жумуштар толук аткарынын билдирди. 

Бул болсо өнөр жай паркынын макеттеги көрүнүшү. Эгер азыр текстиль жана тигүү тармагындагылар шартка ылайык келбеген имарттарды ижарага алып, чачыранды болуп иштегенге аргасыз болсо келечекте баары бир чоң өндүрүш борборуна бириктирилет. Долбоор боюнча мында фабиркалар, жатакана, текстиль жана тигүү тармагы боюнча адистерди даярдаган окуу жай, дүкөн, мейманкана комплекстери, тамактануу жайлары, өзүнчө электр станциясына чейин курулат. Ири долбоор негизинен 3 багытта ишке ашырылат. Анын биринчиси бажы логистикалык борбор салынат. Аны жарым жылда салып бүтүрүү убадасы берилди.

Ал эми өнөр жай паркынын курулушу бир жарым жылда аяктап калат деп болжолдонууда. Алгачкы башталышта бажы логистикалык борбор салынса кийинки баскычта фабиркалар курулат. Аны учурда өндүрүшү жолго коюлуп калган текстиль өнөр жайы ассоциациясына кирген 60 ишкер иштетет. Андан кийин Кытай, Түркиядан келген инвесторлор тартылат. Ишин жаңы баштаган бизнесмендерге жеңилдиктер берилет. 

Өнөр жай борборун ишке киргизүүдөгү дагы бир маанилүү багыт Орто Азияда эң чоң экспоборбор ачылат. Буга улай логистикалык борбор чийки затты, жабдууларды сатып алуудагы көйгөйлөрдү чечет. Продукцияны сактоо, таңгактап экспортко чыгаруу борбордон ишке ашат. Бара-бара ишкерлерге насыя берүү жагы да каралаары айтылды. Өнөр жай борборунун ишке кириши менен биринчи кезекте өлкөнүн социалык-экономикалык абалы жакшырат жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу артат.