Жаңылыктар
КТРКнын "Акшоола" сериалы интернетте миллиондон ашык көрүүчү топтоду
УТРК жаңылыктары
КТРКнын "Акшоола" сериалы интернетте миллиондон ашык көрүүчү топтоду

15-октябрдан тарта КТРден көрсөтүлүп жаткан “”Акшоола” сериалы аз убакыттын ичинде көрүүчүлөрдүн арзуусуна ээ болду. КТРКнын каражаты менен режиссёр Ырыс Окенованын тарткан тасмасы айрыкча интернет көрөрмандарынын арасында рекорд коюп миллиондон ашты. Бирок коомчулуктун арасында бул сериал туурасында ар түрдүү пикирлер айтылууда. Мына ушул кызуу талкууга түшүп жаткан кыргыз сериалы туурасында кийинки сюжетте сөз болот.

Мына ушул чындыкты издеген Акшоола Асанова аттуу журналист кыздын айланасындагы интрига, жек көрүү, сүйүү темасы чагылдырылган “Ак шоола" аттуу сериал жарым айдан бери коомчулукка тартууланууда. Көрүүчүлөрдүн айрымдары КТРК каналынан көрүп жатышса, көпчүлүгү интернеттин “Ютуб” каналынан көрүшүүдө.
Жашоодо акыркы учурларда жеңил ойлуулук, жасалмалуулук, ыпластык күч алып, жаш үй-бүлөөлөр арасында түшүнбөстүктөр, ажырашуулар күндөн күнгө көбөйүп жатат. Турмуштагы мындай терс окуялардан арылууга биздин тасмабыз туура тарбия берип, пайдасын жана он таасирин тийгизсе деп максат кылганбыз дейт автор Жыпар Исабаева

Даяр ишке сынчы көп. Көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү “Ак шоола” сериалын жактырып мактап жатышса арасынан сын айткандар да бар. Бирок биз көрүүчүлөрүбүздүн баарын сыйлайбыз жана аларга ыраазыбыз дейт тасманын режиссёру Ырыс Окенова
Үй-бүлөөнү сактоо, сүйүүнү барктоо, жакын адамдарды аярлоо, жашоодогу азыткылардан алыс болуу сыяктуу орчундуу ойлор камтылган тасманы элге кызыктуу кылып жеткирүүдө актёрлордун жардамы зор болгон. 

Заманбап техника, актёрдук мыкты курам менен аз убакыттын ичинде тартылган 25 сериялуу тасманын бүгүнкү күндө 10у көрүүчүлөрдүн назарына коюлду. Эми калыстык издеп акыйкаттык үчүн күрөшкөн кесипкөй журналисттин жашоосу кандай болот деп тынчсызданган көрүүчүлөр алдыдагы 15 сериясын аягына чейин көрүп анан жыйынтык чыгарышса болот.